Бишкек, "Саясат.kg". Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы 6 адам көз жумду.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары:
- - Бишкек шаарында 3 киши;
- - Чүй облусунда 1 киши;
- - Нарын облусунда 1 киши;
- - Ош облусунда 1 киши.
Кыргызстанда жалпы 1262 адам коронавирус менен пневмония инфекциясынан каза тапты.