Бишкек, "Саясат. kg". Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 470 адамдан аныкталды.
Бул туурлуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 98
- Ош облусунда - 38
- Чүй облусунда – 32
- Ош облусунда - 97
- Талас облусунда - 7
- Нарын облусунда - 1
- Ысык-Көл облусунда – 17
- Жалал-Абад облусунда – 98
- Баткен облусунда - 82
Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 51490 адамга жетти.
Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 221 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми жалпы айыгып чыккан адамдардын саны 45 509 адамды түздү.