Саясый илим кандидаты, Уран Ботобеков менен коомдо кызыгуу жараткан айрым маселелер боюнча маектештик.
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы 60 тыйынга кымбаттады. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер бирикмесинин аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.
“Мекен шейиттери” 2010-жылы 7-апрелде жабыркагандардын жактоочусу Осунбек Жамансариевди аталган уюмдун катарынан чыгарды. Бул тууралуу “Мекен шейиттери” уюмунун тең төрайымы Нурия Айдабосунова маалымат жыйынында билдирди.
Лебединовкада эки кабат хансарай өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Түштүктөгү жападан-жалгыз көзгө басар кыргыз тилдүү телевидение болгон “ОшТВнын” тарыхы Чубактын кунундай чубала турган болуп калды окшойт. Минтип айтканыбыздын себеби, теленин мыйзамдуу орусиялык кожоюну кыргыз өкмөтүн сотко берди.
Бишкек – Ош жолунда катталган кырсыктан эмчектеги бала каза болду. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдиришти.
Кыргызстан кыштан чыгуу үчүн Тажикстандан дагы 500 кВт/саат электр энергиясын сатып алууну мерчемдеп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин электр энергиясын бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Марат Чолпонкулов билдирди.
Украинадан эммиграцияланып келген мурдагы сойку, секс-индустриянын кызматкерлерине жардам көрсөтүүчү “Шуркуялар Иисус үчүн” коомунун негиздөөчүсү Анни Лобер (мурдагы аты-жөнү Аня Михненко) ушул жылдын май айында Америка Кошмо Штаттарынын укук коргоо органдарына кайрылып, жаш кезинде аны Петр Порошенко зордуктап салганын билдирди. “2005-жылы мен 15 жашта болчумун. Апам Петр Порошенконун кондитердик фабрикасында пол жуугуч болуп иштечү, мен ага жардам берип турчумун. Бир жолу Порошенко мени көрүп калып, директордун кабинетине алып кирди да, кыздык абийиримен ажыратты. “Бойго жеткениңде үйлөнөм” деген, бирок, алдап кетти” деп жазат Анни Лобер. Турмуштун бул оор соккусунан кийин байкуш кыз АКШга кетип, сойкулук менен жан багууга аргасыз болот. Кийинчерээк өзүнүн сутеноруна турмушка чыгып, анын фамилиясына өтөт.
Украина, Орусия жана Еврокомиссиянын лидерлери газ алып келүү жана Украина менен Евробиримдиктин ассоциациясы жөнүндө келишим маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макул болушту.
 
Чүй облусуна караштуу Панфилов районунда эркек адам чолок мылтык менен кичи автобустарга карай ок чыгарган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ кызматынан билдиришти.
Токтогул көчөсү шаардын эң узун көчөлөрүнүн катарына кирет. Жолду оңдоо иштери бир нече этап менен жүргүзүлдү. Жолдун Ибраимов көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүнө эки катмарлуу асфальт төшөлдү. Оңдоодон өткөн жолдун бөлүгүнүн узундугу 405 метрди, жолдун Ибраимов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн туурасы 15 метрди, ал эми Шопоков көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн туурасы 14,5 метрди түзөт.
Жолду оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда башталып, белгиленген мөөнөттө аяктады. Жакынкы мезгилде “Мосжолкуруу” ЖЧК тротуарларды жана сугат тармактарын куруу иштерин баштайт.
Ош облусунун чек ара отрядынын кызматкерлери 33 кг маңзат менен Тажикстандын 3 жаранын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Владимир Путин менен Алмаз Атамбаев Бажы союзуна кирүү боюнча “Жол картасын” талкуулашкан соң, Россия Кыргызстанга 500 млн доллар каражат бөлүп берери маалым болду. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Россиянын бул салымы Кыргызстандын экономикасын Бажы союзунун экономикасы менен жуурулуштуруу үчүн жумшалмакчы. 
Баш калааны бийлеген, бирок, ишинен тыңгылыктуу жыйынтык бере албаган мэр Кубанычбек Кулматовду бул сапар рубриканын төрүнө чыгардык. Бу пенденин ишиндеги чабал жүрүшүн жазып эле жатабыз. Ажо Атамбаевдин көздөй кадры сын-пикирден деле жыйынтык чыгарып, ишти алдыга сүрөгөнү сезилбейт. Тескерисинче, Бишкекти чоң кыштакка айлантып, баш калаанын кутун учурмай болду. Тартип менен тазалыктан дайыны жок. Бул сапар анын ишин коомчулук көзүндөгү аттуу-баштуулардын сыдыргысына салдык.

“Мен Камчы Ташиев тууралуу жаман пикир айткым келбейт. Ал дагы кыргыздын бычакка сап жигиттеринин бири”,- деген оюн Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Уран Ботобеков “Алиби” гезитине берген маегинде билдирди.

Кошмо Штаттар Нури аль-Маликинин бул чечимин Иракты бириктирүүдөгү “маанилүү кадам” деп атады. 
"Курманжан датка" тасмасын жараткан режиссёр Садык Шер-Нияз, актриса Элина Абай кызы жана башка актерлордон турган делегаттар 13-август күнү Канаданын Монреаль шаарында өтө турган бүткүл дүйнөлүк кинофестивалга жөнөп кетишкен. Бул тууралуу тасманын менеджери Чолпон Идирисова ЖМКлар аркылуу билдирди.
Жасалма мылтык колдонгон адамдар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.