"Курманжан датка" тасмасын жараткан режиссёр Садык Шер-Нияз, актриса Элина Абай кызы жана башка актерлордон турган делегаттар 13-август күнү Канаданын Монреаль шаарында өтө турган бүткүл дүйнөлүк кинофестивалга жөнөп кетишкен. Бул тууралуу тасманын менеджери Чолпон Идирисова ЖМКлар аркылуу билдирди.
 
Маалыматка ылайык, "Курманжан датка" тарыхый тасмасы Канаданын Монреаль шаарында өткөрүлүүчү кинофестивалга чакыруу алган. Ал фестивалда "Фокус – дүйнөлүк кино" категориясында көрсөтүлмөкчү. Ал эми тасманы композиторлор Мурзали Жээнбаев менен Бакыт Алишеровдун музыкалары коштойт.
 
Белгилей кетсек, Монреаль кинофестивалы 21-августтан 1-сентябрга чейин Канадада өтөт.
 
Эске салсак, 3 жылдык эмгекти талап кылган бул тарыхый тасма 2 сааттан ашык убакытка созулат. Анын бюджети 70 миллион сомду түзгөн. Режиссёру - Садык Шер-Нияз. Курманжан датканын ролун Назира Мамбетова жана Элина Абай кызы, Алымбек датканы актёр Азиз Мурадилаев ойнойт.
 
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда аталган тасманын бет ачары 31-августта болоору күтүлүүдө.
 
URL: http://kyrgyz.vb.kg/250564