Чубалып чыга баштады... 

Бишкек, "Саясат. kg". ИИМге кумар ойнолуучу жашыруун жайларда үй, автоунаа, ири суммадагы акчаларын уттуруп жаткан жарандар тууралуу маалымат келип түшкөн. 

Жергиликтүү бийлик Анжияндын борборундагы эски үйлөрдү түрттүрө баштады. Жашоочуларга турак-жайлар бузулардан 12 саат мурда гана үйлөрдү бошотуу керектиги эскертилген.

Хатлон облусунун Вахш районунда жашаган Алижон Шарипов өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын лидерлери сүйлөгөн видеолорго «Like» белгилерин койгондугу үчүн 9 жарым жылга соттолду.

АКШ Орусиянын бир катар күч түзүмдөрүнө каршы санкцияларды киргизет. Алар жапырт жок кылуу куралдарын жайылтпоо тууралуу Кошмо Штаттардын улуттук мыйзамдарын бузган деп айыпталууда.

Мамлекеттик миграция кызматы Кыргызстандын аймагында иштеп жүргөн өзбекстандык эмгек мигранттарын мыйзамга ылайык иштөөгө чакырып, тиешелүү мыйзамдар бузулса алар айып тартаарын эскертип жатат.

Учурда дүйнө үчүн жаңы глобалдык коркунучка айланган терроризмге биргелешкен аракеттер менен гана каршы турууга болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте Жеңиш күнүнө карата өткөн эскерүү митинги маалында билдирди.

Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан 26 казино аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек, "Саясат. kg". Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда Бишкек
шаарында өткөн “Өлбөс полк” жүрүшүнө катышты.

 

Бишкек, "Саясат. kg.  “Өлбөс полк” жүрүшү бул жолкусунда шаардын чыгышынан – борбордук аянттан, батыш тарабынан – “Баел” базарынан, түндүк тарабынан – Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелиги жактан “Жеңиш” эс алуу багына карай болду.

Бишкек, "Саясат. kg". Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгына арналган эскерүү митингине катышты жана кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады.

Бишкек, "Саясат. kg". “Өлбөс полктун” жөө жүрүш багыты боюнча 2 миңден ашык милиция кызматкери кызмат өтөйт.

Душанбеде Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгондордун элесине арналган “Өлбөс полк” жүрүшү болбойт. Шаар бийлиги коопсуздук чараларына байланыштуу маршка тыюу салынганын билдирди.

Ысык-Көлдөгү “Аврора” санаторийинде 13 адам тамактан ууланды. Бул тууралуу “Азатыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек, "Саясат. kg". Ушул жылдын март айында өлкөнүн мамлекеттик карызы дагы көбөйдү. 

Бишкек, "Саясат. kg". Ош облусунда иш сапарында жүргөн премьер-министрди коштогон автоунаа жол кырсыгына кабылганы айтылууда. 

Бишкек, "Саясат. kg". Бишкектеги Суеркулов көчөсүндө жайгашкан "Каухар" бизнес-борбору өрттөнүүдө. 

Бишкек, "Саясат. kg". Дастанбек Жумабеков Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине согуш учурунда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бишкек, "Саясат. kg". Жогорку Кеңештин депутатына мугалим болуп иштеп жүрүп пенсияга чыккандар нааразычылыгын айтышты.