Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Куштук-Сай айылынын дарыясына кечээ, 13-майда 31 тонна солярка төгүлдү.
Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, бензовоз өтүп бараткан көпүрө сел агымына кептелип, начар абалга келгендиктен автоунаанын салмагына таканчык бере албай калган. Дарыяга кулаган күйүүчү май ташыган унаадан 31 тонна солярка төгүлгөн. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар күйүүчү майды токтотууга аракет жасашкан. Учурда милиция кызматкерлери бул ишти иликтеп жатышат.