Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн, 14-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын облусунда жана Ысык-Көл акваториясында 17-22 метрге жетет.