- Ош шаарынын борбордук Ленин аянты толук бойдон  реконструкциялоого муктаж. Ошондуктан, Кытай Өкмөтү бул максатта 27 миллион сомду кайтарымсыз ажыратты. Баса, мындай олчойгон жардамды Кытай тарап Ош шаарына өзү сунуштаган,- деп кошумчалады Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов.

 

Буга дейре Бээжин Ош шаарынын мэрине жана Ош шаардык милиция башчысына бирден кызматтык жолтандабас автоунаа белек кылганы дагы коомчулук арасында абдан катуу сынга кабылган. Мындан тышкары Кытай ушул тапта Ошто 1 миллиард 800 миллион сомго бааланган клиникалык оорукананы дагы кайтарымсыз каражаттардын эсебинен куруп жаткан чагы.

 

Ошентип, эки ай аралыгында Ош шаарынын борбордук аянтындагы жолго толук бойдон заманбап асфальт төшөлөт. Буга улай анын айлана-тегерегиндеги тосмолор жана тротуарлар дагы биротоло жаңыланат. Оңдоло турган жердин жалпы аянты 900 чарчы метр.

 

Бирок, Кытай акчасын жөн эле талаага чачпашы белгилүү. Анын арты менен оңдоо жумуштарына миндеген кытай тартылары бышык. Ошентип, КРдагы кытайлардын саны дагы көбөйөбү?