"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын коттеждин сатуу боюнча иш кайра кароого жөнөтүлдү. Мындай чечим Жогорку соттун коллегиясында кабыл алынды.
Эске салсак, Чолпон Жакуповага жана журналисттер Нарын Айып менен Дина Масловага өткөн жылдын апрель айында мурдагы башпрокурор Индира Жолдубаева тарабынан доо арыз келтирилген. Ал аталган укук коргоочу жана журналисттер бүгүнкү күндөгү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди деп айыптап, 12 миллион сом өндүрүп берүү талабын койгон. Ошондой эле жоопкерлерге өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынган.
Аталган сумманы төлөтүү үчүн Нарын Айыптын энесинин үйүн сатыкка коюу чечими чыккан. Ошондой эле Жакупованын да Ысык-Көл жээгиндеги коттежин сатууну көздөшкөн. Укук коргоочу бул боюнча сотко кайрылып, бирок биринчи жана экинчи инстанциядан терс жооп алган.