Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан "Аврора" санаториясында 7-майда массалык уулануу катталып, 24 адам оорукананын инфекциялык бөлүмүнө түшкөн.
Чолпон-Ата шаарындагы ооруканадан билдиришкендей, учурда уулангандардын 15и стационардык дарылануудан өтүп жатышат. Алардын акыбалы жакшыргандыктан, жакынкы күндөрү үйлөрүнө чыгарылат.
Бул иш боюнча санаториянын жооптуу кызматкерлери айыппулга жыгылышкан. Жетекчисине 10 миң сом айып салынса, башка айрым кызматкерлери 3 миңден 5 миң сомго чейин доого жыгылышты.