Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков УКМКга суракка келди. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, булардын баары эмне максатта болуп жатканын жакшы түшүнөөрүн белгиледи. 

"Атамбаевдин командасы таза иштеген. Аны Сооронбай Жээнбеков да билет, анткени ал да ошол командада болчу. Алмазбек Шаршеновичтин коррупцияга аралашпай, тескерисинче ага күрөш жарыялаганына да күбө болгон. Депутаттар ушунчалык эле акыйкаттыкты орноткулары келсе, аралашкан адамдардын баарын тегиз жоопко тартышсын. Мен арыз жазганымда катыштыгы бар адамдардын баарын тизмелегем. Бирок, азыр алардын айрымдарын атап, айрымдарын катып жатышат. Адамга куру жалаа жапкан болбойт. Ким канчалык айыптуу экенин сот гана аныктайт. Куру жалаа жакшылыкка алып барбайт", - деди Исаков. 

Эске салсак, 10-майда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ишти иликтеген депкомиссия корутундусун чыгарып, 30 чиновниктин аты-жөнүн атап, алардын жоопкерчилигин кароону сунуштаган. Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев менен катар Сапар Исаковдун да ысымы бар. 

Сапар Исаков 26-апрелде да УКМКга суракка чакырылып, ЖЭБди модернизациялоо боюнча иштин негизинде сурак бергени маалым болгон.