2018-жылдын 11-майында Киев шаарында Украин Улуттук өнөр академиясынын президиумунун имаратында кыргыз элинин "Манас" эпосунун украин тилинде бетачарына жана кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун төрөлгөндүгүнүн 90 жылдык юбилейине арналаган маданий-көркөм кече өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

 

Иш-чарага чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары, Украинанын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, адабий-чыгармачыл жанан агартуу чөйрөлөрүнүн, кыргыз диаспорасынын жана Украинанын Массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Эл Аралык "Саякбай Манасчы" фондунун төрагасы Саматбек Ибраев жана украиндердин Кыргызстандагы "Берегиня" коомдук бирикмесинин төрагасы Владимир Нарозялар катышышты.

 

Өзүнүн саламдашуу сөзүндө Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жусупбек Шарипов эки өлкөнүн маданий-гуманитардык мамилелеринин абалы жана келечектүүлүгү, көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң чоң эпос болгон "Манас" үчилтигинин уникалдуулугу жана анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүлүшү менен өнүгүүсүндөгү кыргыз улутунун өзүн өзү аныктоодогу маанилүү ролу тууралуу айтып берди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Элчиси түрк маданиятынын

 


Эл аралык уюму тарабынан 2018-жыл Чынгыз Айтматов Жылы деп жарыялангандыгын кабарлоо менен бирге конокторго 2018-жылы Чынгыз Айтматовдун 90-жылдыгын Улуттук жана Эл аралык деңгээлде көлөмдүү майрамдоо болоорун кабарлады. Бул контексте ал Элчилик тарабынан өткөрүлгөн адабий-көркөм кече кыргыз жана дүйнөлүк адабияттын классигинин юбилейинин жаркын адабий-чыгармачыл жана агартуу акцияларын белгилөө циклинин башталышы экендигин билдирди. Ошондой эле кеченин коноктору Ч.Айтматовдун "Чынгызхандын ак булуту" жана "Тоолор кулаганда" чыгармалары жалпы Украиналык адабий "Всесвiт" журналынын атайын чыгарылышында биринчи жолу укранин тилинде басылып чыгуусу тууралуу Элчиликтин жаңылыгын кубануу менен кабыл алышты.

 

Ж.Шарипов: "Азыркы доордо улуу "Манас" феномени өзүнүн тирүүлүгүн Чынгыз Айтматов сыяктуу кыргыздын чыгаан атуулдарынын жүзүндө татыктуу улантууда. Менин көз карашым менен Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы кандайдыр бир деңгээлде, кыргыз элин гана эмес, бардык адамзатты улуттар аралык макулдашууга, адеп-ахлактык - рухий тарбияланууга жана гуманизмдин кайра жаралуусуна чакырган "Манас" эпосунун заманбап сүрөттөлүшүнүн жандандырылышы болуп саналат”,-
деп сөзүндө белгилей кетти.

 

Кеченин жүрүшүндө коноктор элдик атактуу манасчылардын бири болгон Талантаалы Бакчиевдин көрүүчүлөрдүн назарына тартуулаган биздин заманга чейинки окуялар, толкундануулар, эпостун каармандарынын сезимдерин чагылдырып Манас айтуусун шаңдуу кол чабуулар менен кабылдашты.

 

Украина маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстандагы украин диаспорасынын төрагасы Владимир Нарозя элдик жазуучу Мар Байджиевдин "Манас, Семетей, Сейтек жөнүндө" аталышындагы автордук чыгармасын украин тилинде китебин презентациялады.

 

Ошондой эле Украинанын маданият жана искусствосундагы атактуу ишмерлер жазуучу тууралуу өздөрүнүн эскерүүлөрү менен бөлүшүштү. Тактап айтканда, Украинанын эмгек сиңирген искусство ишмери, парламенттин беш жолку чакырылышынын депутаты, Т.Шевченко атындагы жалпы Украиндик "Просвещение" коомунун төрагасы Павел Мовчан Ч.Айтматовдун адабий чыгармачылыгынын кайталангыстыгы жана гуманизмге болгон ааламдык масштабдагы көз караштары тууралуу айтып берди.

 

Иш-чаранын эсте калаарлык барактарынын бири болуп "Оркестр кыз" деп таанылган Кыргызстандык Мария Наумованын улуттук аспаптар (комуз; ооз комуз; чопо-чоор; чоор) менен чыккан аткаруусу жана Ч.Айтматовдун "Ак Кеме" повестинин негизинде коюлган "Бугу Эне тууралуу баян" моно-спектаклин украин артисттери менен аткаруусу болду.

 

Кеченин соңунда коноктор Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде Киев балдар искусство академиясынын тарбиялануучулары, атактуу украин жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көркөм сүрөттөрү менен таанышышты.