Атайын жолугушуу маалында жарандардын эмгек укуктарын коргоо, экологиялык жана техникалык коопсуздуктар боюнча ачык жана кең-кесири  кеп жүрдү. Ошондой эле таштанды ташталчу жайлардын категорияларын так аныктоо менен трансформациялоо боюнча маселелер дагы абдан катуу каралды.

 

- Акыркы мезгилде жер-жерлерде байма-бай өтүп жаткан мындай семинарлар аймактардагы көйгөйлүү маселелер менен жеринде жакындан таанышып, аларды ыкчам чечүүгө гана өбөлгө жаратууда. Айрыкча Баткен облусунун аймагындагы кен чыккан аймактарда, өзгөчө Сүлүктү шаарындагы жабык шахталарда мыйзамсыз кен казуу жүргүзүшкөн фактыларга бөгөт коюу менен жарандардын коопсуздугун толук кандуу камсыз кылууга шарт жаратып жатабыз,- деди  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Канатбек Муратбеков.