Талкуу маалында атайын диний уюмдардын, жергиликтүү бийликтин жана жарандык коомдун бул боюнча алака-катышын мындан ары күчөтүп, тыгыз кызматташуу маселеси дагы байма-бай көтөрүлүүдө.

 

Баса, бул иш чара «2014-2020-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү  мамлекеттик саясатынын концепциясынын» алкагында уюштурулду. Концепция 2014-жылдын 14-ноябрында бекитилген. Аталган талкуу быйылкы "Аймактарды өнүктүрүү жылына" дагы арналды.

 

Эске салчу жагдай: Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия буга чейин Бишкек шаарында радикализмдин алдын алууну талкуулаган кеңири жыйын өткөргөн.

 

Расмий маалыматтарга таянсак, дагыле согуш жүрүп жаткан Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашат. Булардын 140ка жакыны аял, 100гө чукулу балдар. Ушул убакка дейре согуш майданында 92 кыргызстандык өлтүрүлгөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) алар мурдагы жылдары кеткендигин, кийин согуш талаасына баргандар дээрлик катталбагандыгын маалымдаган.