Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы көптөгөн бала бакчаларда кечкисин имаратты интимдик кызмат көрсөтүүчү жайга айландырган учурлар аныкталууда.
Өзбекстан менен мамилебиз жакшырып жаткан менен тажик кошуналар улам тийишип, чек арабызга куралчан жоокерлери кирип келишип, коркутуу-үркүтүүлөрү күч алууда.
Өзбекстан менен Тажикстандын өкмөттөрү 2019-жылдын соңуна чейин эки өлкө чек арасын миналардан тазалоо иштерин аяктоо тууралуу макулдашты.
...аталган жайлооду келишимдин негизинде Өзбекстанга пайдаланууга берүү маселеси чындап каралып жатканы каңкууланууда
Өзбекстан быйыл жашылча-жемиштин экспортун эки эсеге көбөйтүүнү пландоодо. Жергиликтүү ММКлар кабарлагандай, тармактык мекемелерге мындай тапшырманы президент Шавкат Мирзиёев берди.
Өзбекстан Кыргызстан менен биргеликте турларды уюштурат. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазышты.
Жума башында АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү дин тутуу эркиндиги боюнча баяндамасын жарыялады.
Өзбекстан эмгек мигранттарын Германия, Казакстан, Оманга жөнөтүү маселелерин караштырууда.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Сырдарыя аймагындагы Сардоба суу сактагычына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин тергөө иш-аракеттеринин алгачкы жыйынтыктары жөнүндө маалымат таратты.
Өзбекстанда Жол кайгуул кызматкерлеринин бактардын жана башка тоскоолдуктардын артына жашынып алып иштөөсүнө тыюу салынды.
Өзбекстанда Улуттук коопсуздук кызматынын Ташкент облустук башкармалыгынын терроризм жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мансур Мирзаевге кылмыш иши козголуп, камакка алынды.
Кашкадарыя облусунда бийлик дарыгерлерге кеминде 20 килограммдан өнүп кеткен пияз жана картошка сатып алууга мажбурлоодо. Медицина кызматкерлери маалымдагандай, алар эгер талап аткарылбаса, жумуштан бошотобуз деп коркутушууда.