Өзбекстан Кыргызстан менен биргеликте турларды уюштурат. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазышты.

 

18-июнда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Кыргызстандын туризм департаментинин адиси Санжар Боркеев биргелешкен турларды уюштуруу тууралуу Өзбекстан менен Казакстанга каттар жөнөтүлгөнүн билдирген.

 

Эгер бул идея ишке ашса, анда жеке туристтик компаниялар тарабынан Алматыга, Бухарага, Самаркандга жана Ташкентке уюштурулуп жаткан турлар мамлекеттик болуп калышы мүмкүн.

 

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов Ташкент үчүн туристтик базаны өнүктүрүү өтө маанилүү маселе болгондуктан, өзбек тарап биргелешкен турларды уюштуруууга даяр экенин билдирди.

 

Буга чейин Кыргызстан жарандарынын Өзбекстандын аймагында визасыз жүрүү мөөнөтү 60 күнгө чейин узартылган. Андан тышкары туристтерге азембелек катары Өзбекстандан алтын куймаларды алып кетүүгө уруксат берилген.