Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Сырдарыя аймагындагы Сардоба суу сактагычына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин тергөө иш-аракеттеринин алгачкы жыйынтыктары жөнүндө маалымат таратты.

Башкы прокуратура шектүү катары эки адамды кармаган. Аларга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

-Тергөөдө чындыктын орношуна тоскоол болгон учурлардын алдын алуу үчүн калган маалыматтар ачыкталбайт. Тергөө иш-чаралары улантылып жатат, — деп билдирди Башкы прокуратура.

5-майда өткөн конференциянын жүрүшүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев:

- Сардоба суу сактагычындагы трагедия үчүн күнөөлүүлөр ким экендигине карабастан мыйзам алдында жооп беришет, — деп убада берген.

7-майда Сардобин суу сактагычындагы трагедияны иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын курамы жарыяланды, анын курамына “Узгидроэнерго” ААКсынын башчысы, сенатор Абдугани Сангинов кирген.

Буга чейин Сардобин суу сактагычын курууга мамлекеттик бюджеттен 404,4 миллион АКШ доллары бөлүнгөнү кабарланган.

Эске салсак,  Сардоба суу сактагычында дамба 1-май күнү эртең менен жарылган. Кырсык болгон аймактан 70 миңге жакын адам эвакуацияланган.

1-майда суу сактагычтагы суунун ээ бербей агып чыгышынын натыйжасында коңшу Казакстандын калктуу конуштарын суу каптап, зыянга учураткан.

Булак: "Марал"