Өзбекстан эмгек мигранттарын Германия, Казакстан, Оманга жөнөтүү маселелерин караштырууда.

 

Тышкы миграция маселелери боюнча агенттиктин башчысы Равшан Ибрагимовдун айтымында, Өзбекстан акырындык менен эмгек миграция жаатында эл аралык кызматташуу географиясын кеңейтүүдө.

 

«Буга чейин Түштүк Корея, Орусия, Жапония жана Польшага тандоолор өтчү. Эми Бириккен Араб Эмирлиги менен кызматташуу башталат. Мындан тышкары агенттик Германия, Казакстан жана Султанат Оман менен эмгек миграциясы боюнча иштешүү жактарын караштырууда», – деди ал.

 

Өткөн дүйшөмбүдө өзбек мигранттарын уюшкандык менен Түркияга жөнөтүү боюнча документке кол коюлган. Агенттик Орусияга быйыл 50 миңден ашык мигрантты узатуу ниетинде. Эгер жылдын экинчи жарымында рекрутинг ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзам кабыл алынса, жеке компаниялардын жардамы менен мигранттарды чет өлкөгө жөнөтүү дагы көбөйөт.