Өзбекстанда Улуттук коопсуздук кызматынын Ташкент облустук башкармалыгынын терроризм жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мансур Мирзаевге кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

 

Өзбекстан ИИМиндеги өз булак билдиргендей, Мансур Мирзаев – атайын операция учурунда кармалган жыйырма беш кишинин бири. Ал соттук угуулар башталганга чейин камакта болот.

 

Маалыматтарга караганда, Мансур Мирзаев мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыров менен Ташкент шаарынын прокурорунун биринчи орун басары Мираглам Мирзаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Мансур Мирзаев – Ташкент шаардык прокурорунун биринчи орун басары Мираглам Мирзаевдин инисинин уулу.

 

Мансур Мирзаев кызмат абалынан кыянат пайдаланууга, пара алууга шектелүүдө. Ал ишкерлердин мүлкүн тартып алуу, мыйзамсыз ишкердикти калкалоо боюнча дагы айыпталып жатат.

 

– Мансур УККнын Ташкент облустук башкармалыгында иштеген, ал Газалкент жана Чарвактагы көптөгөн ишкерлердин мейманкана жана тойканаларын тартып алып, аларды мазактап турган. Эң кызыгы, ал убагында Өзбекстандагы «Ахмадбай» ири каржы пирамидасынын негиздөөчүсүн калкалаган. Учурда Мансур негизинен пара талап кылуу боюнча суракка алынууда», – деди ИИМ кызматкери.

 

Ташкенттин Чиноз районунун тургуну Ахмад Турсунбаев "каржы пирамидасынын түзгөн" деген айып менен 2016-жылы 15-июнда камакка алынган. Өзбек тергөөчүлөрүнүн маалыматында, ишкер жергиликтүүлөр арасында Ахмадбай деген ат менен таанылган. Жылына 100-200% үстөк кошуп кайтарууга убада берип, элден акча, машине жана башка мүлктөрдү алып турган. Ага он миңдеген адам каражат бергени, бирок айтылган киреше тургай, тапшыргандарынын өзүн ала албай калышканы тергөөдө айтылган.