Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы көптөгөн бала бакчаларда кечкисин имаратты интимдик кызмат көрсөтүүчү жайга айландырган учурлар аныкталууда.

 

Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы көптөгөн бала бакчаларда кечкисин имаратты интимдик кызмат көрсөтүүчү жайга айландырган учурлар аныкталууда. Укук коргоо органдарындагы өз булактар кабарлагандай, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

 

Сурхандарыя облусунун прокуратура кызматкерлеринин билдиришинче, түнкүсүн "бордель" катары колдонулган бала бакчалар мурда кабарлангандай төрт эмес, андан алда канча көп болуп чыккан. Облустагы 290 бала бакчанын 23үн текшерип чыгышканда, алардын баары интимдик кызмат көрөтүүчү жайга айланганы аныкталган.

 

Кызматкерлер күндүз балдарды ур-токмокко алып, түнкүсүн ортомчулук менен алектенишкен.

 

Жергиликтүү бийлик бул маселени кароодо. 3-мартка чейин эле 20 бала бакчанын башчысы жумуштан бошотулду. Калган экөө ооруканада, бирөө декреттик өргүүдө болгондуктан арыз жазып берише элек.

 

Айрым ата-энелер бир нече бала тарбиячылардан кордук көргөндөн кийин кекечтенип, заара ушатып коюп жатканын билдиришүүдө. Бөбөктөрдү бычак менен коркуткан кызматкер үч жылга, дагы экөө эки жылдан түрмөгө кесилишти.

Буга чейин Сурхандарыя облусундагы бала бакчаларды интимдик кызмат көрсөтүүчү жайга айландырган эки кароолчу үч жылдан эркинен ажыратылганы кабарланган.

 

Булак: "Кабар Ордо"