Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы ээлеген кызматынан бошотулду. 

 

Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. 

 

Кулматов аталган кызматка 2017-жылдын декабрь айында дайындалган. 

 

Ал  11-майда УКМКга суракка чакырылып, Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде TBEA кытайлык компаниясынын грантын кайда иштеткени тууралуу маалымат берген.