Бишекте Профсоюз үйүнүн алдында митинг болду. Митингчиоер аталган кызматтын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылышты.
Көпчүлүктүн колунда жетекчинин сүрөтү менен анын түбүнө "Асанакунов кет!" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп алышкан. Айрым плакаттарда "Профсоюздук олигарх Асанакунов отставкага кетсин!" деп жазылган.
Митингчилер Асанакунов жасалма документтер менен жүргөнүн, эмгек китепчеси менен жогорку билими тууралуу диплому жасалма экенин айтышты.