Малайзияда добуш берүүгө укуктуу кыргызстандыктардын 50% шайлоого келди. Ал жакта 62 жаран шайлоого катышууга укугу бар. Элчиликтен маалымдашкандай, ушул тапта добушкана жабылуу алдында турат. 31 киши келип жарандык милдетин аткарды.

Парламенттик шайлоодо чет элде добуш берүү үчүн биометрикалык маалыматтарын тапшырган 15 миңден ашуун кыргызстандык укук алган.

Чет мамлекеттерде 36 шайлоо участкасы ачылган.

 

Булак: Азаттык