Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну майдын аягы июндун башында башталат.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, бул жагдай COVID-19га каршы антитела 8 айдан 1 жылга чейин сакталышына байланыштуу.

«Калктын басымдуу бөлүгү 2020-жылдын июнь-июль айларында коронавирус менен ооруган. Айрымдары жеңил түрү менен ооругандыктан алардын антителасы өтө жогорку деңгээлде болгон жок. Алар ташуучу жана жайылтуучу роль аткарышы мүмкүн. Ошондуктан биз профилактикалык иштерди жүргүзөбүз», — деди ал.

Бейшеналиевдин айтымында, мурунку ката кайталанбасы үчүн бардык ооруканалар дары-дармектин 2-3 айлык запасы, кошумча дарыгерлер менен камсыздалган.

Министр үчүнчү толкунга карата даярдыктар жүрүп жатканын белгиледи. «Ооругандардын көпчүлүгү Бишкек менен Чүйдө катталууда», — дейт Бейшеналиев.

Кыргызстанда коронавирустун биринчи толкуну 2020-жылдын июнь-июль айларында, экинчи толкуну ноябрь айында келген.

14-апрелге карата акыркы сутка ичинде коронавирустун 240 жаңы учуру катталды. COVID-19 диагнозу менен катталгандардын жалпы саны 90 839га жетти.

Бүгүнкү күндө 3800дөн ашык адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Булак: Маралфм