Бүгүн, 8-апрелге карата Кыргызстанда 222 адамдын анализинен  COVID-19 диагнозу  аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Алар:

- Бишкек шаарында 183 адам;

- Ош шаарында 4 адам;

- Чүй облусунда 24 адам;

- Нарын облусунда 2 адам;

- Ысык-Көл облусунда 4 адам;

- Жалал-Абад облусунда 4 адам;

- Баткен облусунда 1 адам.

Ушуну менен Кыргызстанда жалпы 89 660 адам COVID-19 диагнозу менен катталган.