Кыргызстанда COVID-19дун мутацияланган штаммы табылган жок.

Бул тууралуу "Биринчи радиодогу" түз эфирден саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Мурдараак министр мутацияны аныктоо үчүн анализдер Россия жана Нидерландыга жөнөтүлөрүн айткан.

Белгилгей кетсек, бүгүн, 31-мартта Кыргызстанда коронавирус 98 адамдан табылды.

Анын ичинен Бишкекте – 48, Ошто -1, Чүй облусунда – 36, Ош облусунда -1, Ысык-Көл облусунда – 6, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда - 4, Баткен облусунда -1 кишиден илдет табылган.

Булак: Кабар