Бүгүн, 18-мартта Кыргызстанда СOVID-19 илдетинин алгачкы учуру катталганына бир жыл болду.

Инфекция 2020-жылы 18-март күнү Сауд Аравиясынан умрадан кайтып келген Сузак районунун үч тургунунан аныкталган.

Илдет аныкталары менен ошол эле күнү Сузак районуна карантиндик эрежелер киргизилип, адамдар менен унаалардын кирип-чыгуусу чектелген. Илдеттин симптомдору табылган адамдар менен менен байланышта болгон 300дөн ашуун жаран обсервацияга алынган.

Андан соң, 22-мартта жалпы өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланып, карантиндик режим ишке кирген, илдетке байланыштуу бардык иш-чаралар токтотулган. Ал эми 25-марттан баштап Бишкек шаарына өзгөчө абал режими киргизилген. Аны менен коомдук каттамдар толугу менен токтоп, шаарга кирүүчү жолдорго блокпосттор коюлган.

Ал эми, июнь, июль айларында өлкөдө илдет кенен жайылып, ооругандардын саны көбөйгөн. Ооруканалар бейтаптарга толуп, күн сайын 100гө чукул адамдын каза тапканы катталып турган.

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү Кыргызстанда бул илдетти 87 миңден ашуун адам жугузган. Андан айыгып чыккандардын саны 84 миңге чукулдаса, 1485 адам каза тапты.

Булак: Маралфм