Кыргызстанда бир суткада коронавирус 43 адамдан табылып, 66 бейтап айыкты.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 18, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 4, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 6, Талас облусунда – 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 66 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте коронавирус – 18 адамдан, Ош облусунда – 3, Чүй облусунда – 35, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 3, Талас облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 3 бейтап коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 371 бейтап, амбулатордук түрдө 285 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган бир учур катталды.Үй арантининен 4 медик чыгарылды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 205 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 176 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 185 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 127 киши айыгып чыкса, 1 миң 463 адам каза болду.