Бүгүн дагы 34 адамдан COVID-19 жаңы табылды

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 34 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 19, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда - 2, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда - 5 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 69 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте коронавирус – 21 адамдан, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда – 19, Ош облусунда - 6, Нарын облусунда – 5, Жалал - Абад облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда – 10, Талас облусунда - 3 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учурлар катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 424 бейтап, амбулатордук түрдө 421 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 196 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 118 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 475 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 253 киши айыгып чыкса, 1 миң 441 адам каза болду.