АКШда коронавирустун жаңы 2 түрү катталды

  АКШнын Огайо университетинин изилдөөчүлөрү коронавирустун дагы эки түрүн аныкташты. Алардын бири «британиялык» штаммга окшош болсо, экинчиси андан да жугуштуу.

Буга чейин бир катар ЖМКлар Ак үйдүн COVID-19 көйгөйүн чечкен жумушчу тобунун билдирүүсүнө шилтеме берип, АКШда коронавирустун жаңы, жугуштуу түрү пайда болушу мүмкүн, ал баштапкы түрүнө караганда 1,5 эсе тез тарайт деп жазышкан. Бирок «РИА Новостинин» айтымында, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору бул маалыматты четке каккан.

Огайо университетинин билдирүүсүндө айтылгандай, биринчи мутация «британиялык» штаммга окшош болсо дагы, АКШда пайда болгон. Дагы бир штамм мурдагы SARS-Cov-2 оорусуна окшобогон үч генетикалык мутацияга ээ болгон.

Штаммдардын биринчиси жакынкы убакта эле Огайо штатындагы бир бейтаптан табылган жана окумуштуулар анын канчалык кеңири тараганын азырынча айта алышпайт. Экинчи түр Колумбус шаарында 2020-жылдын декабрь айынын аягында, 2021-жылдын башында үстөмдүк кыла баштаган.

Булак: Баракелде