Коронавирустун жаңы түрү Кыргызстанга да келет, - министр

Биз каалайбызбы, каалабайбызбы коронавирустун мутацияланган жаңы түрү Кыргызстанга да келет, деди бүгүн, 13-январда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев радиодогу эфирде.

«Өткөн жылдын январь-февраль айларында бардык чектөөлөрдү киргизгенбиз. Бирок ага карабастан коронавирус өлкө аймагына жайылып кетти. Азыр коронавирустун жаңы түрү 41 өлкөдө аныкталды. Россияда да оорунун жаңы түрүн жуктургандар катталды. Демек, бизге да келет», - деди ал.

Министрдин айтымында, вирустун жаңы түрү жаштар арасында көп катталып, оор өтөт.

«Мурунку түрү балдарда жана жаштарда жеңил өтүп жаткан. Ал эми бул түрү тескерисинче оор өтөт. Бул түрдөн каза болгондордун саны мурдагыга караганда 2,5 эсеге көп болушу мүмүкүн», - деди Бейшеналиев.

Булак: Баракелде