Бишкек, "Саясат. kg". Кыргызстанда 147 адамдан COVID-19 илдети тастыкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталгандар:
- Бишкек шаарында 70 адам;
- Ош шаарында 3 адам;
- Чүй облусунда 38 адам;
- Ош облусунда 5 адам;
- Талас облусунда катталган жок;
- Нарын облусунда 4 адам;
- Ысык-Көл облусунда 21 адам;
- Жалал-Абад облусунда 1 адам;
- Баткен облусунда 5 адам.
Муну менен Кыргызстанда жалпы 82 миң 138 адамдан COVID-19 илдети аныкталган.
Ал эми акыркы суткада 2 адам көз жумду
Алардын бири Бишкек шаарында экинчиси Талас облусунун тургуну.
Республикалык ыкчам штабынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 1367 адам коронавирус жана пневмониядан улам каза болгон.