Бишкек, "Саясат. kg". Акыркы сутка ичинде 165 адамдан коронавирус илдети аныкталды.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
Бүгүнкү маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 77, Чүй облусу — 21, Ош облусу — 16, Талас облусу — 3, Нарын облусу — 5, Ысык-Көл облусу — 24, Жалал-Абад облусу — 17, Баткен облусу — 2 адамдан COVID-19 вирусу табылды.
Ал эми COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 1 адам жана Баткен облусунуда 1 бейтап каза болду.