6-январга карата 144 адамдан коронавирус илдети аныкталды.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, өлкөдө вирус жуктургандардын саны 81 миң 656га жетти.

Акыркы суткада коронавирустан Бишкекте бир адам каза болду, жалпы өлүм учурлары 1361ди түзүүдө.

Бир күндө дагы 215 адам коронавирустан айыгып, сакайгандардын жалпы саны 77 миң 170ке жетти.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 912 бейтап, үй шартында 1288 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды, 12 кызматкер айыкты.

Пандемия башталгандан бери 4 миң 128 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, анын ичинен 3 миң 966 медкызматкер айыгып чыкты.