Коронавирустун мындан дагы кооптуу жаңы түрү табылганы тууралуу айтылды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Британияда коронавирустун азыркыдан да жугуштуу болгон жаңы түрү табылганы тууралуу маалыматтарга расмий комментарий берди.

Маалыматка караганда, Британиядан башка мамлекеттерде коронавирустун жаңы түрү менен он бир учур катталды.

«Инфекциянын жайылышы интенсивдүү болуп, кеңири тарап жаткан Европа мамлекеттери көзөмөл жана алдын алуу чараларын күчөтүшү керек» деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Вирустун мутацияланган түрү менен Данияда тогуз, Нидерланд менен Австралияда бирден учур катталды.

Коронавирустун мутацияланганы тууралуу маалыматтарга байланыштуу Батыштагы бир нече өлкө Британия менен байланышын чектеп жатат. Азырынча мындай кадамга Австрия, Бельгия, Италия жана Нидерланды барды. Германия, Австрия, Израиль жана Франция да чектөө чараларын караштырууда.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 19-декабрда өлкөдө табылган коронавирустун жаңы түрү азыркыга салыштырмалуу 70% жугуштуу деген божомол бар экенин билдирген.

Булак: Элгезит