Бишкек, "Саясат. kg".  Акыркы сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын 232 жаңы учуру катталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Жыңы учурлар:

  • Бишкек - 67 
  • Ош - 4 
  • Чүй облусу – 59 
  • Ош облусу - 16 
  • Талас облусу - 5 
  • Нарын облусу - 5 
  • Ысык-Көл облусу – 47 
  • Жалал-Абад облусу – 14 
  • Баткен облусу - 15 

Кыргызстанда жалпы 78 миң 911 адамдан COVID-19 илдети аныкталган.

Ал эми сутка ичинде COVID-19  дартынан 408 адам сакайып ооруканадан чыгарылды. 

Алар:

  •  Бишкек – 115
  • Ош шаары – 15
  •  Чүй облусу – 135
  •  Ош облусу – 27
  •  Талас облусу – 11
  • Нарын облусу – 8
  •  Ысык-Көл облусу – 42
  •  Жалал-Абад облусу – 34
  •  Баткен облусу – 21

Муну менен Кыргызстанда коронавирус менен пневмониядан жалпы 72 миң 459 адам айыкты.

Республикалык ыкчам штабынын  маалыматы боюнча, Кыргызстанда COVID-19 илдетинен  4 бейтап каза тапты.

Алар:

- Бишкек шаарында 1 адам;

- Баткен облусунда 1 адам;

- Ош облусунда 2 адам.

Ушуну менен өлкө боюнча жалпы 1328 адам коронавирус менен пневмониядан  көз жумду.