Бишкек, "Саясат. kg". Акыркы сутка ичинде 479 адамдан COVID-19 илдети аныкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 169 адам;
- Ош шаарында 26 адам;
- Чүй облусунда 77 адам;
- Ош облусунда 15 адам;
- Талас облусунда 23 адам;
- Нарын облусунда 1 адам;
- Ысык-Көл облусунда 59 адам;
- Жалал-Абад облусунда 64 адам;
- Баткен облусунда 45 адам.
Кыргызстанда коронавирус жана пневмония илдетине кабылгандардын жалпы саны 66 миң 983 адамга жетти.
16- ноябрга карата COVID-19 илдетинен дагы 4 адам каза болду.
Республикалык штабынын маалыматы боюнча, Бишкек шаарында 2 адам жана Талас облусунда 2 адам.
Муну менен Кыргызстанда COVID-19 илдетинен жалпы 1203 адам көз жумду.