Бишкек, "Саясат. kg".  Акыркы сутка ичинде   551 адамдан COVID-19 илдети аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 147 адам;

- Ош шаарында 34 адам;

- Чүй облусунда 104 адам;

- Ош облусунда 42 адам;

- Талас облусунда 25 адам;

- Нарын облусунда 6 адам;

- Ысык-Көл облусунда 62 адам;

- Жалал-Абад облусунда 77 адам;

- Баткен облусунда 54 адам.

Республика боюнча коронавирус дартына чалдыккандардын  жалпы саны 66 миң 504 адамга жетти.

15-ноябрга карата COVID-19 илдетинин 3 бейтап көз жумду.  Ал эми республикалык ыкчам штабынын маалыматы боюнча,  экөө Бишкек шаарында, бири Ош облусунда дарыланып жатышкан.

Муну менен Кыргызстанда коронавирус жана пневмония илдетинен каза тапкандардын жалпы саны 1199 адамды түздү.