Бишкек, "Саясат. kg". Кыргызстанда бир күндүн ичинде коронавирус жана пневмония менен 499 адам катталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 108 адам;
- Ош шаарында 46 адам;
- Чүй облусунда 83 адам;
- Ош облусунда 52 адам;
- Талас облусунда 20 адам;
- Нарын облусунда 12 адам;
- Ысык-Көл облусунда 59 адам;
- Жалал-Абад облусунда 70 адам;
- Баткен облусунда 49 адам.
Кыргызстанда коронавирус жана пневмонияга чалдыккандардын жалпы саны 65 миң 953 адамга жетти.
Ал эми республикалык штабынын маалыматы боюнча, COVID-19 илдетинен бир суткада 1 киши каза болду.
Ал маркум Баткен облусунда даарыланып жаткан. Муну менен өлкөдө 1196 адам коронавирус илдетинен каза тапты.