Бишкек, "Саясат. kg".  10-ноябрга карата Кыргызстанда  570 адамдан COVID-19 илдети аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 121 адам;

- Ош шаарында 114 адам;

- Чүй облусунда 85 адам;

- Ош облусунда 30 адам;

- Талас облусунда 21 адам;

- Нарын облусунда 5 адам;

- Ысык-Көл облусунда 51 адам;

- Жалал-Абад облусунда 61 адам;

- Баткен облусунда 82 адам.

Муну менен Кыргызстанда жалпы 63 миң 960 адамдан коронавирус жана пневмония илдети аныкталды.