Бишкек, "Саясат. kg".  Кыргызстанда  сутка ичинде  565 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 119 адам;

- Ош шаарында 17 адам;

- Чүй облусунда 69 адам;

- Ош облусунда 86 адам;

- Талас облусунда 19 адам;

- Нарын облусунда 3 адам;

- Ысык-Көл облусунда 40 адам;

- Жалал-Абад облусунда 133 адам;

- Баткен облусунда 79 адам.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 вирусуна кабылгандардын жалпы саны  59 миң 443 адамга жетти.