Бишкек, "Саясат. kg". Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 илдетинен 3 адам каза болду.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Республикалык штабынын маалыматы боюнча, Баткен облусунда 1 адам жана Жалал-Абад облусунда 2 адам көз жумду.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан каза тапкандардын жалпы саны 1142 адамды түздү.