Бишкек, "Саясат. kg". Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19 илдетинен 5 адам каза болду.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Республикалык штабынын маалыматы боюнча, Баткен облусунда 2 адам жана Бишкек шаарында 3 адам коронавирустан улам көз жумду.
Муну менен Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1118 адамга жетти.