Бишкек, “Саясат.kg”. Сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 164 адамдан аныкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында – 20
- Ош шаарында - 22
-Чүй облусунда – 19
- Ош облусунда – 9
- Нарын облусунда – 5
- Ысык-Көл облусунда – 9
- Жалал-Абад облусунда – 21
- Баткен облусунда – 59
Муну менен өлкөдө коронавируска кабылгандардын жалпы саны 47799 адамга жетти .
Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 123 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. Жалпы айыгып чыккан адамдардын саны 43 644 адамды түздү.