Бишкек, “Саясат.kg”. Белгилүү блогер Шүкүрбек Эркебаев бүгүн К.Ташиевдин абалын сурап кайтканын жазды.

“Мекенчил саясатчы, эл уулу Камчыбек Ташиевдин өпкөнүн эки тараптуу сезгенүү дартына кабылып, ооруканада оор абалда жатканына бир нече күн болуп калды. Бүгүн атайын барып, Камчыбек Кыдыршаевичке жолугуп, ал-абалын билип кайттым. Кудаага шүгүр, кечээ, мурунку күндөргө караганда ушу тапта салыштырмалуу жакшы жакка жылыштар бар экенин айтты, бирок балакет дарт дагы деле кете элек, чырмап, кыйнап жатканын жүзүнөн байкаса болот. Эң негизгиси – дарылоодо прогресс бар экендиги чекемди жылытты, эс ала түштүм. Медиктерге ыраазычылык! Өмүрлүк жубайы менен бир палатада дарыланып жатышат. Камчыбек Кыдыршаевич ушундай оор шартта жакшы сөздөрүн аябай, колдогон пикирлерин тынымсыз жазып жаткан мекендештерге терең ыраазычылыгын билдирди. Алдыда, дагы толук айыгып кеткенче бир топ жолду басыш керек. Ошондуктан, Алла таалам өзү колдоп, оорусуна шыпаа беришин тилеп туралы... Өмүрлүк жарыңыз менен тезирээк сакайып, арабызга келип кошулушуңузга тилектешмин!”- деп жазды Ш.Эркебаев “Фейсбуктагы” баракчасына.