Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу COVID-19 боюнча Республикалык штаб билдирет.
Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча санитардык ченемдерди сактабагандыгы үчүн 900 миң сомдон ашык суммага айып салынды.
2020-жылдын 1-майынан 22-майына чейин республиканын оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун кызматкерлери коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуунун алкагында, ӨК жана ӨА режими алынгандан кийин ишмердүүлүгүн жанданткан объекттерди текшерип чыгышты.
Республика боюнча жалпы 6891 объект текшерилди:
- Бишкек – 768;
- Ош облусу – 2706;
- Баткен облусу – 590;
- Жалал-Абад облусу – 543;
- Талас облусу – 180;
- Ысык-Көл облусу – 1385;
- Чүй облусу – 428;
- Нарын облусу – 245.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча түзүлдү:
- 2710 жазма эскертүү;
- 707 протокол;
- 9 эскертүү.
Коопсуздук чараларын бузгандыгы үчүн 680 объекттин ээлерине жалпы суммасы 977 миң сомго айыптар салынды. 15 материал баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.