АКШда донордук кан топтоо жетишсиз болуп баштады.

Бул тууралуу «Кызыл Крест» уюму билдирди.

Мындай мүчүлүштүктүн себеби COVID-19дун «омикрон» штаммынын кескин жайылып кетиши экени айтылды. Тактап айтканда, коронавирус жугузган донорлор көп болуп, атайын борборлор жетиштүү кан топтой албай калып жатышат.

Буга байланыштуу АКШ ооруканаларынын 40%ын донордук кан менен камсыздаган «Кызыл Крест» уюму чектөө киргизүүгө аргасыз болууда.

Учурда АКШда күнүнө бир жарым миллионго чукул адамдын коронавируска чалдыкканы аныкталууда.

Булак: Маралфм