Кыргызстанда 10-январга карата коронавирус 198 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 136, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 29, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада илдеттен бир бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 65 адам коронавирус жуктурган, ал эми 2 миң 819 адам каза болду.