Пандемия башталгандан бери 184 миң 269 адамга коронавирус жукту.

Бүгүн, 21-декабрга карата 51 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде Бишкек шаарында – 14, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда — 3 адамдан вирус табылган.

Пандемия башталгандан бери 184 миң 269 адамга коронавирус жукту.

Соңку бир суткада эки бейтап каза болду. Былтыртан тарта 2 миң 786 адам вирустан көз жумду.

Акыркы сутка ичинде 41 адам илдеттен сакайып, жалпы айыккандар 179 миң 352 киши болду. Учурда ооруканада 303 бейтап, үй шартында 345 адам дарыланууда.