№1 “Сордургуч” долбоор: Коопсуз шаар.
Схемасы/сын пикир:
1) 100 күндө жетишем деп далбастаган Өкмөт шашылыш долбоорлорду чиймелеп, анан ошолор боюнча шашылыш чечим чыгарып атат. Элден чогултулган салыкты сарптай турган “Коопсуз шаар” деген долбоордун мааниси эмдигиче эл-журтка бир аз болсо да ачык көрсөтүлө элек. Чет элден келген кооз аталыштын артында концепцияны түшүнбөстүк турат, ошондуктан шаардагы көп светофорлор иштебей турганын этибарга албай, долбоор болгону видеокөзөмөл камералары менен гана чектелген.
2) Абалды айкын түшүнбөй, долбоордун зарылдыгын анализдебегендиктин натыйжасында дароо шашылыш түрдө адистерсиз адаттагыдай “100 галочканын бирөө үчүн” Ички иштер Министрлигине техникалык шарттарды түзүүгө тендер өткөрүлдү.
3) Бул аягына чейин жеткиликтүү иштелип чыкпаган долбоордун техникалык шарттарына 2 млн. сомдон ашык каражат сарптаганыбыз өзүн актайбы? Албетте, камералар деген жакшы дейличи! Бирок мыйзам бузууларды көзөмөлдөө менен каттоонун өзү ИИМне тапшырылган шарттарда эмне өзгөрөт? О, албетте, эми алар жөн гана «Delete» кнопкасын басып коюп пара ала беришет да. 21-кылым эмеспи!
Келип чыгуучу кесепеттер:
- долбоорго сарпталган акчанын текке кетиши – болжолу менен 1 млрд. сомдон ашык;
- ИИМнин колуна жаңы коррупциялык мүмкүнчүлүктөр тиет.
Жеке кызыкчылык:
модага айланган жана PR-долбоорлор.
Мен, албетте, коопсуз шаар болушун колдойм, бирок ички иштер системасында коррупцияны күчөтүп, акчаны бекер чача турган өкмөттүк PR-долбоорлорду колдобойм!
№2 “Сордургуч” долбоор: Мамлекеттик өнүгүү банкы
Схемасы/сын пикир:
1) Менчик структурасы: Банкты 100% мамлекеттик кылган атышат. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү азыртан белгилүү – баягы эле Өкмөт мүчөлөрү ж.б. Бул деген ири коррупциялык иштерге ыңгайлуу шарттарды түзө турган дагы бир бийлик менчиктеген ишкана болот. Тилекке каршы, бизде коррупция менен күрөшчү, керек болсо бийлик башында тургандарды да жазалай ала турган көз карандысыз жана эффективдүү орган жок. Эгерде жок дегенде акциялардын блокпакети (директорлор кеңешинин чыгаша апкеле турган же зыяндуу чечимине тыюу салууга укук бере турган акциялардын бөлүгү, адатта 25%) башка инвесторго тиешелүү болсо, ал долбоорлордун эффективдүүлүгүн жана так аткарылышын талап кыла турган агент болот эле да.
2) Кайсы каражаттарга?«Центерранын» акциялары: Банкты түзүү үчүн «Центерранын» акцияларын сатуу мүмкүн же насыя алуу үчүн алар барымтага берилиши мүмкүн дешет. Жогорудагы 2 пунктта айтылган мамиле каражаттарды туура эмес пайдаланууга – бул каражаттардын жоготулушуна апкелет. Акциялар сатылса – факт. Насыя үчүн берилсе – акцияларды сатууга туура келет. Натыйжасы бирдей – жыл сайын мамлекетке киреше берип аткан «Центерранын» акцияларынан куру калабыз.
3) «Центерранын» акцияларынын баасынын арзандашы кокустукпу? Ошол эле учурда «Центерранын» акцияларынын баасы Торонтодогу биржада ийгиликтүү “кулап” баратат. Мына, «ЦентерраГолд Инк.» компаниясындагы Кыргызстандын акцияларынын пакети марттын аягында 1,1 млрд. АКШ долларынан аз баага татыган. Марттын башында анын баасы 1,4 млрд. АКШ долларынан жогору турган, ал эми бир гана жыл мурун 33%ды түзгөн Кыргызстандын акцияларынын пакетинин баасы 1,6 млрд. АКШ доллары болчу. Эмнегедир жакында компания геолог адистердин командасы менен бирге кен чыгарууну азайтуу тууралуу пландарын жарыялады, себеби биздин жерде алар мурда билбеген табигый татаал шарттар бар имиш! Акциялардын пакети сатылышы же барымтага берилиши пландаштырылып аткан акыркы бир жыл ичинде эле баасы 500 млн. АКШ долларына арзандап кеткени кокусунан гана бир мезгилде болуп атабы?
Келип чыгуучу кесепеттер:
- «Центерранын» акцияларынан куру кол калуу же бир нече “бербестин ашы бышпас” долбоорлорго 1,5 млрд. АКШ долларын берип салабыз.
Жеке кызыкчылык:
Балким азыркы «Центерранын» акционерлери менен акциялардын “жарым баага” сатылышы макулдашылган.
Мен «ЦентерраГолд Инк.» компаниясынын акцияларын пайдаланууну жана ири мамлекеттик долбоорлорго инвестициялоону жактайм, бирок башкаруу түзүлүшү “караңгы” кезектеги кылмышкер органды же акцияларды ит-бекер сатууну макулдашкан чыккынчылыкты колдобойм!
Мамлекеттик чиновниктер насыяларды мамлекеттин кызыкчылыгына ийгиликтүү колдонгонунун жок дегенде бир мисал кылар тажрыйбасы барбы бизде? Бийликте баягы эле кишилер эмдигиче отурушат го! Кыргызстан Россиядан 300 млн. АКШ долларын насыяга албады беле. Алар кайда?
№3 “Сордургуч” долбоор: «Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан» темир жолу
Схемасы/сын пикир:
1) Официалдуу булактардан маалымат, толук туптунук ачык-айкындык жок: Эмдигиче биз темир жолдун курулушунун толук баасын билбейбиз. 2ден 4 млрд. АКШ доллары болушу мүмкүн деп атышат. Эгер азыр техника-экономикалык негиздерин (ТЭН) ж.б. анализдерди изилдеп иштелип чыга элек болгондуктан долбоордун баасы белгисиз болгон күндө да, Өкмөт мүчөлөрү кайсы шарттарга таянып анын ийгиликтүү жана кирешелүүлүгү жөнүндө айта алышат, анысы аз келгенсип кантип, кандай келишим түзүүгө бара алышат?!
2) Темир жол жөнүндөгү мифтер:
- өз продукциябыздын экспорт/импорту – темир жол бар деген сөз эле Кыргызстандын экономикасын дароо реалдуу өнүктүрүп жибербейт;
- транзиттен түшчү чоң кирешелер: Кытай өз товарларын араб өлкөлөрүнө, Турция, атүгүл Европага да ташыйт деген божомол эч негизсиз. Деңиз жолдору көп эсе арзан жана тез жеткирет;
3) Финансылоо? Кен байлыктар!: Кыргызстан темир жолду кайсы каражаттарга курат деген туура суроо. Курууга акча жок болгонуна карабай Кытай компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп атканына караганда, кен чыкчу жерлерди Кытайга өткөрүп берүү жөнүндөгү сөздөр анча деле негизсиз эмес го. Тактап айтканда, кен байлыктар жаткан төмөнкү жерлер тууралуу сөз болуп атат:
- аллюминий кени бар Сандык жери (9 млрд . АКШ долларын апкелиши мүмкүн);
- Иштамберди алтын кени (запасы 36,5дан 79,5 тонна.);
- Жетим-Тоо темир кени (1,7 млрд. т. темир – 31,7%);
- Талды-Булак Левобережный, ошондой эле Терек, Тереккан, Перевальное ж.б.
Баасы 2-4 млрд. АКШ доллары болгон бир темир жолду өзүбүздүн ондогон, а балким жүздөгөн миллиарддарды апкеле турган кен байлыктары бар жерлерибизди кармата берип курдурабызбы? Биздин сырьену сыртка ташып чыгабыз – чет өлкөлөрдүн илимий прогрессине төлөппү?
3) Долбоордун чыгымдарды актоосу: быйыл 15-мартта Транспорт жана байланыш министринин орун басары Шералы Абдылдаев “эксплуатацияга берилгенден кийин 12,5 жылда толугу менен чыгымдарды актайт” деп билдирди. Эмдигиче техника-экономикалын негиздөөлөрү, анализдери, жолдун өтчү картасы, пайдаланылчу каражаттардын баасы, долбоордун кирешелүүлүгү изилдене элек жатып чыгымдарды актоо жөнүндө кантип айтып атат?
4) Долбоордун кирешелүүлүгү жана финансылоо: быйыл 25-февралда Кыргызстандын премьер-министри Өмүрбек Бабанов Ош областынын Ноокат районунун активи менен болгон жолугушуусунда: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда биздин Мекенибиздин бюджетине кийинки жылдарда жүктөрдү ташып өткөндүгү үчүн эле 400 млн. сом чамасында акча түшөт...» деди. Ал эми эксперттердин эсептөөлөрү боюнча, эң эле жеңилдетилген насыяны (үстөгү 4%дан 8%га чейин) актап төлөп берүү үчүн темир жол жок дегенде 200 млн. АКШ долларына чейин иштеп табышы керек экен, анда 400 млн. сом гана апкеле турган долбоорду кантип ийгиликтүү десе болот? Мындай мамиле кыйроого апкелет!
Келип чыгуучу кесепеттер:
- кен байлыктардан, б.а. 10дон бир нече жүздөгөн миллиардга чейинки АКШ долларынын баасындагы байлыгыбыздан кол жууйбуз;
- долбоор кирешелүү болбой калса 10-15 жылда насыя менен проценттик үстөгү үчүн 2-3 млрд. АКШ доллары өлчөмүндө карыз болобуз;
- темир жолду чет элдиктер да пайдалангандан биздин жергиликтүү ансыз да аз сандагы ишканаларыбызга чоң, күчтүү конкуренция түзө турган импорттун өсүп кетүү мүмкүнчүлүгүн эске албай коюуга да болбойт;
Жеке кызыкчылык:
Кытайдын компаниялары менен макулдашуу.
Мен деле темир жол болсо дейм, бирок мындай ыкмалар жана мындай чыгаша менен эмес!
Биз Өкмөттөн талап кылышыбыз керек:
- долбоор боюнча келишим түзүүдөгү даярдануу, ишке киргизүү жана башка баардык тиешелүү иштер боюнча толук “тунуктукту”;
2. баасынын жана кирешелүүлүгүнүн так эсебин;
3. булактар тууралуу так маалыматтарды, анын ичинде пландар, финансылоо, карызды жоюунун булактарына тиешелүү эсептөөлөрү менен толук маалыматтарды;
4. Кыргызстан үчүн ыңгайлуу жана кирешелүү маршруттун жолун тандоону;
5. жолду курууда жана пайдаланууда экологиялык жана экономикалык шарттарды зыяндуу болбогудай эсепке алууну.
Өкмөт элге толук маалымат берүү менен бирге, бул долбоорду Мекенибиздин жарандары менен чогуу талкуулашы керек (балким референдум өткөрүү жолу менен)!
№4 “Сордургуч” долбоор: Бишкекте таштандыларды кайрадан иштетип чыгаруучу заводду куруу
Схемасы/сын пикир:
Быйыл марттын ортосунда момундай кабар келди: «Бишкекте таштандыларды кайра иштеп чыгуучу заводдун курулушунун бет ачары болду». Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов «RBS Group» компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Сергей Палицын башында турган өкүлдөрү менен жолукту.
Мындай компания бар беле? Гуглдан издейбиз!
компаниянынвеб-сайты: www.rbsmoscow.ru дегенде бар экен. Шаблон боюнча түзө койгон, текшерип көрүүгө мүмкүн болбогон виртуалдык долбоорлору бар компания болуп чыкты. Жетекчилери менен кызматчылары тууралуу деги эле маалымат жок. Отчеттуулугу да жок. Интернет боюнча бул компания тууралуу олуттуу бир да шилтеме дагы жок! Анын үстүнө, текстинин жартысы башка жактардан көчүрүлүп алынган, аттарын гана өзгөртүп койгон. Ал эми логотиби болсо британиялык RoyalBankofScotland (RBS) банкыныкына өтө эле окшош.
Келип чыгуучу кесепеттер:
- Мэрия менен келишим түзүп, техника-экономикалык негиздерге жана башка анализдерге, изилдөөлөргө каражат бөлүнгөндөн кийин, бул компания аман-эсен көздөн кайым болот.
Жеке кызыкчылык:
- Мэрияга – акча бөлүүгө себеп жана дос компанияны жалдоо, ошондой эле PR.
- RBSга – насыя каражаттары жана мэрия менен келишими бар деген ат.
Эгер мындай болсо, ал эми мындай болушуна баардык шарттар бар экен, анда ошо бетачардан ары эч иш-аракеттер деле болбойт. Бишкекке болсо таштандыларды кайра иштеп чыгаруучу завод абдан керек!
№5 “Сордургуч” долбоор: EastStarCapital
Схемасы/сын пикир:
Дагы бир “олуттуу” инвестор айтат: «Биз Кыргызстандагы абал стабилдешти деп эсептейбиз жана бул жерде эч нерсени жашырбай ачык-айкын иштегенге ниет кылып атабыз». Мына сага десе!
1) Экономиканын баардык секторлоруна инвестор! «Жакынкы жылда биз Кыргызстандын экономикасына 100 миллион АКШ долларын инвестициялайбыз» - дейт Пол Дивайн, генералдык директор. Ал мүмкүн болгон 10 долбоор жөнүндө айтып атат. Марттыгына не дейли! Ошондой эле ал компания Кыргызстандагы Кара-Кече, Жетим кендерин иштетүү, бир нече темир жолдорду куруу жана бир катар аларга байланыштуу кайра иштетип чыгаруучу таш көмүр электростанциясы, таш көмүрдөн дизел иштеп чыгаруучу завод, темир кенин иштетүүчү ишкана жана башка ушу сыяктуулар боюнча мүмкүн болгон долбоорлордун үстүндө иштеп аткандыгы тууралуу кошумчалады». Бизге мынча көп инвесторлордун эмне кереги бар?
2) Бул компания бар болду бекен?
- Веб-сайты, албетте, жок болуп чыкты. Анан кандай болот эле, миллиард долларларды ишке сала турган жаңы компания веб-сайт түзгөнгө жетишпей атыптыр да!
- «Партнерлору». «EastStarCapitals бир нече инвесторлор менен иштеп атат. Алардын ичинде Posit компаниялар тобу бар, ал топ Кыргызстандын энергетикасы менен инфраструктурасын түзүүгө 3,4 миллиард АКШ долларын салууга ниет кылууда, ошондой эле BatonRougeResources дагы. Алар тоо-кен тармагында иштеген компанияларды колдоого даяр, баасы 5 миллион АКШ долларынан жогору болгон компаниялардын партнер болушун каалашат» - интернетте жана олуттуу ишенимдүү булактарда айтылган уюмдар жөнүндө бир да сөз жок экен!
- Кокусунанбы?Пол Дивайн, «Apple» компаниясынын менеджери. Генералдык директордун ысмын интернеттен карасак: «Apple компаниясынын менеджери, аны азиялык поставщиктерден чо-оң параларды алганы үчүн күнөөлөшүүдө...». Балким кокусунан окшош фамилиясы бар бирөө жөнүндө сөз болуп атабы, а балким фантазиясы жетпей калгандыр… Ал эми абсурд театрындагы шоу болсо дагы эле улантылууда…
Келип чыгуучу кесепеттер:
Жалган долбоорлорду баштаса, алар боюнча Кыргызстандын тарабы белгилүү чараларды көрөт, анын ичинде шарттарды түзүүгө ж.б. каражат бөлөт. Мисал үчүн, ошол эле Дивайндын: «Жакынкы пландарыбыз боюнча, компания Кыргызстанга дүйнөлүк деңгээлдеги 3-4 банкирди апкелет, алар кыргызстандыктарды үйрөтөт» деп айткан сөзүнүн артында эмне бар экенин баамдап көрбөйлүбү? “Үйрөткөнү” үчүн кимге ким канча акча төлөйт болду экен!
Жеке кызыкчылык:
- республиканын экономикалык «боссторун» PRлоо;
- сонун сезилген, кооз сөзгө жамынган күмөндүү долбоорлорго каражат бөлүп берүү.
№6 “Сордургуч” долбоор: CASA-1000
Схемасы/сын пикир:
CASA-1000 долбоору CASAREM программасынын (Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын сатуу боюнча иштеген эл аралык базар) бир бөлүгү болуп эсептелет. Анын максаты – Кыргызстан менен Тажикстандан электр энергиясын Афганистан жана Пакистанга өткөрүп берүүчү системаны түзүү.
1) Кимдин эсебинен? Долбоор боюнча 953 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестиция талап кылынат, анын ичинен 196 млн. АКШ долларын Кыргызстан инвестициялашы керек. Анча акча кайдан табылат болду экен? Ах, ак көңүл чет элдик банктар насыя берет эмеспи! Анан ошол өзүн актап берет бекен?!
2) Өзүн актап берет бекен? Эсептөөлөр кайда? Өз электр энергиябызды биз экспорттой алабызбы? А өзүбүзгө жетип атабы? А тиги Тажикстан мындай конкурентке сүйүнөт бекен?
Анда мындай долбоор кимге керек? Албетте, ошол эле банктарга?
Келип чыгуучу кесепеттер:
200 млн. АКШ доллары менен бааланган насыянын карызы менен жүдөө башталат жана көпкө уланат, ал эмнеге апкелерин элестетүү кыйын эмес. Акыры деги Афганистан менен Пакистандагы ызы-чууга жана биз эң сонун магистралдын жардамы менен акча таба албаганыбызга ким күнөөлүү?!
Жеке кызыкчылык:
Бюджеттин “жыртыгын жамайм” деп убада берген, жана ошону менен бирге финансылык каталарды, бийликти кармап тургандардын уятсыз, ач көз кылыктарын жаап-жашырып калганга жардам берем деген банктар үчүн эмнени гана кылбайсың дечи!”
№7 “Сордургуч” долбоор: «Электрондук Өкмөт»
Схемасы/сын пикир:
Мекенибизде башкаруу системасына «Электрондук Өкмөттү» «ишке киргизүү» жүрүп атат. Түшүнүүнүн, системалуулуктун, ишти ирети жана ыгы менен жасоонун таптакыр жоктугу буга чейинки сарпталган очойгон каражаттардын натыйжасы да таптакыр жок болуусуна апкелип атат!
1) Бюджет эсеп-кысабын автоматташтыруучу жана анын тунуктугун жогорулатуучу «IS: Казына. Бюджет 1.0» информациялык системасы Кыргызстанда иштелип чыккан. Бирок да Финансы Министрлиги менен Борбордук Казына кызматы реформаларды бир нече жолу мурунку ордунан жылдыра албай келатат.
2) «Электрондук Өкмөттү» «ишке киргизүү» деген сөздөр иш өзү эле эффективдүү жана тунук боло калат дегенди билдирбейт, иштипроцедуралардын өзүлөрүн жана уюмдардын структураларын баардык органдарында функцияларды мүмкүн болушунча азайтуу менен стандартташтырууну камсыз кылуундан башташ керек.
Келип чыгуучу кесепеттер:
- Буга өтүүнү каалабоодон жана туруктуу ийгиликсиздиктерден турган электрондук «долгострой» чексиз улана бериши мүмкүн.
Жеке кызыкчылык:
- PR;
- Кээ бир төбөлдөргө ыңгайлуу «чөнтөктүк» контракттар.
Бул кайрылуум менен мен жөн эле сын үчүн каралай сындоого умтулган жокмун. Тескерисинче, көпчүлүк долбоорлор Кыргызстан үчүн жүдөткүч . Маселе ал долбоорлор кандайча жана кимге иштешинде – Кыргызстандын элинеби же жеке бир инсандаргабы. Буга чейин биз көп кооз долбоорлорду көрүп келдик, алардын баары же кагаз бетиндеги боюнча калып келген, же очойгон каражаттарды соруп алып кеткен. Тилекке каршы, 7-апрелдеги кайгылуу окуялардан кийин деле “жаңы эски” бийлик башталышынан эле Кыргызстандын эли үчүн өтө зыяндуу экени көрүнүп турган долбоорлорду “чиймелегенин” улантып келатат. Мындай “сордургучтардын” көбүнүн четинен эле жетөөнүн гана кандай экени бул процесстердин системага айланганын көрсөтүп турат.
Мен: “Элге – жумуш, бийликке – эли үчүн кам көрүү” деп атам! Азыр болуп аткандын баары менин ишенимдериме карама-каршы. Жумуш жок, ал эми бийлик болсо өз чөнтөгүнүн камында.
Бул долбоорлорду сүрөттөп мен жаңылык ачтым деп аткан жокмун. Менин максатым – элге иштин чыныгы абалы жөнүндөгү маалыматты жеткирүү, башкача көз карашты сунуштоо, ошондой эле тенденцияларды аныктоо үчүн материалдарды топтоого аракет кылуу. Биздин максатыбыз – коомчулуктун максаты – бийликти эскертүү жана долбоорлорду Кыргызстандын элине кызмат кылгыдай кылып кайрадан карап чыгуусун бийликтен талап кылуу! Элде жумуш болсун акыры, ал эми бийлик болсо өз адамдарына кам көрсүн! Бийлик, жооп күтөбүз, жооп бер!
Максат Кунакунов,
экс-депутат